Жаңылыктар
Казакстанда акыркы суткада 111 киши COVID-19 жуктуруп алды
Дүйнө
Казакстанда акыркы суткада 111 киши COVID-19 жуктуруп алды

Казакстанда акыркы бир суткада 111 киши COVID-19 жуктуруп алганы аныкталды. Алардын 51инде оорунун белгилери жок.

Илдетке чалдыккандардын эң көбү Чыгыш-Казакстан (20), Караганда облустарында (19) жана Алматы шаарында (12) катталды. Жалпы өлкө боюнча коронавирус жуктургундардын саны 105 795 кишиге жетти.

Сутка ичинде COVID-19дун белгилери бар пневмонияга 56 киши кабылып, алты бейтап каза болду.

Казакстанда коронавирустун белгилери бар пневмония учурлары 1-августтан кийин гана эсептеле баштаган. Андан бери мындай илдетке чалдыккандардын саны 25 714 кишиге жетти. Алардын ичинен 5575и айыгып, 290 бейтап көз жумду.

Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус инфекциясынан 7 910 киши дарыланууда. Стационарларда 3 755, амбулатордук дарыланууда 4 155 бейтап бар. 201 кишинин абалы оор деп бааланып жатса, 42 адам жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.

Казакстанда 31-августтан тартып июль айында киргизилген карантиндик чектөөлөр жумшартылып, диний объектилер, маданий жайлар, машыгуу залдары, бассейндер жана спорттук комплекстер иштей баштамак. Бирок бүгүн өлкөдө Конституция күнү белгиленип, эс алуу күнү болгондуктан, карантиндик жумшартуулар эртең күчүнө кирет.