Жаңылыктар
Дарыгерлердин талыкпас эмгеги
Кыргызстан жаңылыктары
Дарыгерлердин талыкпас эмгеги

Дарыгерлердин талыкпас эмгеги жана кесипкөйлүгү бааланып, көпчүлүгү мамлекеттик сыйлыктарды алышты. 

Көзгө көрүнбөгөн кооптуу пандемия менен күрөш, адам өмүрүн сактоо милдети, тынымсыз иштеген уйкусуз түндөр. Мунун баарын артка калтырган бул видео дарыгер Мусабай Алиевдин өздүк архивинде сакталып калды.

25 жылдык тажрыйбасы бар хирург, март айынан баштап өзүн жугуштуу оорулар дарыгери катары да көрө алды. Ар кандай оор операцияларды жасап жүргөн мезгилдеги жоопкерчилик, оорунун очогундагы “кызыл аймакта” эки эсе күчөдү. Пандемия басаңдап, тынч күндөр келсе деген тилеги Мусабай аганы көпкө күттүрдү.

Оору күчөп турган мезгилде ордо калаанын Октябрь районундагы күндүзгү стационарды жетектеп, күнү-түнү “кызыл аймакта” иштеген Жолдошбек Бакиров, эми гана өз жумушуна келди. Шаардагы 19-үй бүлөлүк дарыгерлер борборундагы бейтаптары, иш билги ак халатчанды чыдамсыздык менен күтүшкөн.

Элден Калчекеев эгемендүүлүк майрамында үй-бүлөсү менен сейил бакты аралап эс алып жатканына шүгүр кылат. 5 ай бою үй бетин көрбөй, күнү-түнү кеңеш берген 118 кызматында иштеп жүрүп, балдарына көңүл бурганга эми убакыт тапты. Кесиби эпидемиолог болсо дагы мурда жеке клиникаларда гана кеңешчи болуп иштеп жүрүп, пандемия күчөгөн маалда, саламаттык сактоо министрлигине өз ыктыяры менен жардам берүүгө келген. 

Бейтап менен иштөө жеңил эмес экенин Ковид-19 менен күрөшүү учурунда ар бир жаран жон тери менен сезди. Дарыгерлердин түмөн түйшүгүн, көзүбүз менен көрүп, жүрөгүбүздөн өткөрдүк. Андыктан дарыгерлер ар дайым зор урмат-сыйга жана ардактоого татыктуу.