Жаңылыктар
Эгемендүүлүк күнгө утурлай айыл элин кубандырган саамалык
Кыргызстан жаңылыктары
Эгемендүүлүк күнгө утурлай айыл элин кубандырган саамалык

Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө айылына мечит, медресе жана ФАП курулуп, пайдаланууга берилди. Комплекстүү курулган имараттар Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын колдоосу, жергиликтүү жашоочулардын салымы менен бүткөрүлдү.

Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө айылынын жашоочулары заманбап ФАП менен мечитке муктаж болуп келишкен. Элдин көптөн күткөн ишке ашып, маселе чечилип отурат. Мечит, медресе жана ФАП бир короо ичине комплекстүү болуп курулуп, айыл элинен катышуусу менен бул күнү ачылуу аземи болду. Заманбап мечит 400 орунга ылайыктуу, ал эми медресе 8 бөлмөдөн турат. Ар бир бөлмө 16 балага эсептелген.

Жаңы салынган ФАП да заманбап болуп бүткөрүлгөн. Эски имараты 2 гана бөлмөдөн турап, шарт болгон эмес. Кызматкерлер союз мезгилинде ашар жолу менен курулган имаратта кыйынчылык көп болду дешет. Ага карабастан элдин саламаттына кам көрүп келишти. 8 бөлмөлүү болгон жаңы ФАПтын курулушу айылдык дарыгерлерди кубандырууда.

Экси ФАПта кызматкерлер эле эмес, эл дагы кыйналып келген.Өзгөчө кыштын суу күнүндө кыйынчылык жаралчу. Бөлмө жетишсиз болгондуктан, кайрылгандар сыртта кезек күтүүгө аргасыз болушчу. Айыл элин кыйнап келген ал көйгөй эми чечилди дешет. Жаңы ФАПтын ичи кенен, жылытуу системасы менен курулган.