Жаңылыктар
Ош шаарында да Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгы онлайн форматта белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында да Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгы онлайн форматта белгиленди

Шаар башчысы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу борбордук аянтта чакан иш-чара болуп жатканын белгилеп, шаардыктарды куттуктады.


“Быйылкы жыл биздин өлкөбүз, анын ичинде Ош шаарында да чоң сыноо- коронавирус илдети менен коштолду. Ушундай апаатта кеменгер элибиз бийик улуттук намысын, терең адамдык ариетин далилдеп, илдет катталган алгачкы күндөрү эле биримдигин, сабырдуулугун, мекенчилдигин көрсөтө алды. Илдет катталган күндөн баштап эң оор мезгилдерде шаарыбызда абалды колдон чыгарбоо үчүн алдын ала ыкчам аракеттер көрүлүп, бүтүндөй тиешелүү кызматтар күнү- түнү элди сактоонун аракетинде жүрдү. Илдеттин төмөндөшүнө карабастан санитардык эрежелерди катуу кармоо, карантиндин талаптарын кынтыксыз аткаруу менен балдарыбыздын, замандаштарыбыздын жана өзүбүздүн ден соолугубузга баарыбыз жоопкер экенибизди унутпайлы. Эгемендүүлүк күнү ар бир шаардыктардын үй- бүлөөсүнө ден соолук, бак- таалай жана ийгиликтерди каалайм! Ар дайым элибизде аманчылык, жерибизде тынчтык болсун! Эгемендүү Кыргызстандын желеги түбөлүк желбиресин”,-деди Т.Сарыбашов.


Шаар башчысы март айынан бери уйку көрбөй эмгектенип жаткан жалпы дарыгерлерге, милиция кызматкерлерине, Өзгөчө кырдаал министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгына, аскерлерге, ыктыярчыларга, кыйын күндө колдоо көрсөткөн ишкерлерге, меценаттарга, тазалык, транспорт, билим берүү тармагындагы кызматкерлерге, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, башка тийиштүү мекеме- уюмдардын, ошондой эле шаарыбыздагы жеке менчик медициналык клиникалардын башчыларына жана жамааттарына, жалпы колдоо көрсөткөн жеке тараптарга Ош шаарынын тургундарынын жана жеке өзүнүн атынан терең ыраазычылык билдирип, Ош шаарынын мэриясынын “Ыраазычылык каттарын” тапшырды.


Майрамдык иш-чара Ош облустук драм театрынын артистери тарабынан даярдалган театрлаштырылган көрүнүнш менен башталып, Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган эстрада жылдыздарынын коштоосундагы концерттик программа уланды.