Жаңылыктар
УКМК "Центерра Голд ИНК” компаниянын экс-президентинин катын карап жатат
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК "Центерра Голд ИНК” компаниянын экс-президентинин катын карап жатат

Ошол эле маалда улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Кумтөр" долбоору боюнча “Кумтөр”, “Камеко” жана “Центерра Голд ИНК” компанияларынын экс-президенти Леонард Хоменюктун коррупция фактылары боюнча берген арызын карап жатат.

“Centerra Gold Inc” компаниясынын экс-президенти Л.Хоменюктун Кыргызалтындын мурдагы жетекчилери Д.Сарыгулов жана К.Кудайбергеновдордун ишмердигиндеги коррупциялык фактылар боюнча берген көрсөтмөсү:

"Урматтуу И.Жолдубаева айым. 
Менин "Кумтөр Оперейтинг Компани" (КОК) жана "Камеко Голд" Корпорациясында иштеген убактымдын учурунда "Кыргызалтын" Мамлекеттик концернинен жана башка мамлекеттик органдардан, президенттик Администрациядан жана президенттин үй-бүлөсүнүн, анын жакындарынын жетекчилиги астында турган органдардан жылына бир нече жолу ар кандай өтүнүчтөрдү алып турганбыз. Анда ар кандай каржылык төлөмдөр ар кайсы максаттарга, мисалы саясий шайлоолор, каржы министрлигине кошумча (пландалбаган) төлөмдөр, ар кандай мамлекеттик жана облустук фонддорду колдоо деген көрсөтмөлөр менен келчү. Мындай талаптар кээде өтө чоң сумманы - 200 миң доллардан ашык каражатты камтып, белгиленген айда төлөп беришибиз керек болгон. 
Дастан Сарыгулов жана Камчыбек Кудайбергенов мындай өтүнүчтөрдү дайым президенттик администрациянын басымы менен түшүндүрүшчү. Мындан сырткары, ири көлөмдөгү төлөмдөрдү "Камеко" жана КОК тарабынан экс-президент Аскар Акаевдин аялы Майрам Акаеванын жетекчилигинде турган "Мээрим" эл аралык кайрымдуулук фондуна которуу чечимдери кабыл алынган. 
Албетте, «Камеко» жана КОКтун Кыргыз Республикасындагы ар кайсы уюмдарына болгон төлөмдөрү бир далай болгон. Компания ар дайым кандайдыр бир басым, талаптарга дуушар болуп келген. Бирок ишкана "Кумтөр" долбоорун үзгүлтүксүз иштетип, кыргыз бийлигинин көптөгөн басымдарынын астында өз аракетин улантып келди. Өз кезегинде «Камеко» жана КОК мыйзамдуу түрдө төлөгөн каражаттары Кыргыз Республикасында, анын ичинен "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасы тарабынан максатсыз пайдаланылып, башка кызыкчылыктар үчүн жумшалып кеткен". 
6-июнь, 2016-жыл."