Жаңылыктар
Берлинде карантиндик чектөөлөргө байланыштуу нааразычылык акциясы өттү
Дүйнө
Берлинде карантиндик чектөөлөргө байланыштуу нааразычылык акциясы өттү

Берлинде коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантиндик чектөөлөргө нааразы он миңдеген адам чогулду. Акцияга кеминде 38 миң адам катышып, демонстранттар менен полиция кызматкерлери ортосунда кагылышуу болгону айтылды.



Буга чейин жергиликтүү бийлик массалык акцияларды уюштурууга тыюу салган. Бирок көп өтпөй Берлин соту тарабынан мыйзам жокко чыгарылып, акциянын катышуучулары аралыкты сактоо, бет кап тагынуу сыяктуу эпидемиологиялык эрежелерди сактаганга милдеттендирилген. Бирок нааразылар көрсөтүлгөн эрежелерди сактабагандыктан, полиция кызматкерлери жүрүшкө тыюу салууга мажбур болгон.



Акция учурунда эки жүздөн ашуун киши тартип сакчылары тарабынан кармалып, кийинчерээк бошотулду. Ошондой эле 7 полиция кызматкери жеңил жаракат алганы маалымдалды. Расмий маалыматтарга ылайык, нааразылык жүрүшүнүн кээ бир катышуучулары Орусиянын желеги, АКШнын президентине жазылган кайрылууларды, ЛГБТ желектерин желбиреткен. Кээ бирөөлөр “вирус бийликтин ойлоп тапканы” деп кыйкырган.