Кыргызпатент "Стартап Кыргызстан" республикалык сынагын жарыялайт! Эгерде кызыктуу бизнес-идея болуп, бирок аны баштоо үчүн каражатыӊыз жетишсизсиз болуп жатса, анда бул сынак Сиз үчүн чоң мүмкүнчүлүк.
Кыргызпатент сизди жана сиздин командаңызды колдоого даяр! Бир стартапты ишке ашыруу үчүн 500 000 сомго чейин каражат бөлүнөт.
Сынактын катышуучулары жеке бизнесин өнүктүрүү боюнча тренингден өтүп, бизнес-план жазуу боюнча кесипкөй кеңештерди алууга жана потенциалдуу инвесторду же бизнес-өнөктөш табууга мүмкүнчүлүк алышат.
Сынакка катышуу үчүн арыздар 2021-жылдын 1-февралына чейин көрсөтүлгөн дарек боюнча кабыл алынат:
Бишкек шаары, Москва көчөсү 62. Телефон аркылуу маалымат алуу номерлери: +996 704 454 555, +996 701 939 317, 0 312 680 471
Сынактын жобосу жана арыз формасы шилтемеде: http://patent.kg/ru/2019/08/06/%d0%b2%d0%bd%d0%b8%d0%bc%d0%b0%d0%bd%d0%b8%d0%b5-%d0%ba%d0%be%d0%bd%d0%ba%d1%83%d1%80%d1%81-%d0%bd%d0%b0-%d0%bb%d1%83%d1%87%d1%88%d0%b8%d0%b9-%d1%81%d1%82%d0%b0%d1%80%d1%82%d0%b0%d0%bf/
Эң мыкты стартап сынагына катышып, кыялыңызды ишке ашырыңыз!