Жаңылыктар
Борбор калаага ысык суу толук берилди
Кыргызстан жаңылыктары

 “Бишкек жылуулук берүү” ишканасына туташтырылган бардык үйлөргө толук ысык суу берилди. Тиешелүү органдын билдирүүсүндө, ысык суу 9-июндан тартып бала бакча, мектеп жана оорукана сыяктуу социалдык мекемелердин бардыгына жетти. Андан кийин 1 миң 856 көп кабаттуу үй жана 1 миң 300 жеке үй ысык суу менен камсыздалды. 

Бирок борбордогу 29 үйдүн айрым жашоочулары ысык суу үчүн учурунда акча төлөбөй, карыз болгондуктан аларга ысык суу берилген жок. Бишкек боюнча жалпы карыздын суммасы 193 миллион сомду түзөрүн “Бишкек жылуулук берүү” ишканасынын башкы инженеринин орун басары Павел Рыбалкин билдирди. 

Маселен, Октябрь районундагы 18-үйдүн карызы эле 2 миллион сомду түзөт.