Жаңылыктар
Жол кайгуул кызматынын инспекторлору окуучулардын коопсуздугун камсыз кылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жол кайгуул кызматынын инспекторлору окуучулардын коопсуздугун камсыз кылууда

Окуу жылынын башталганына байланыштуу, Чүй облусунун бардык райондорунда, Жол кайгуул кызматынын инспекторлору балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында мектептердин жанында иш алып барууда. 


Коопсуздукту камсыз кылуу менен инспекторлор мектептердин жанындагы жөө адамдар өтүүчү жолдорго, ошондой эле унаа каражаттарына өзгөчө көңүл бурушууда.


Ошондой эле Сокулук районунун Жол кыймылынын жаш инспекторлорунун  тобу тарабынан түзүлгөн инспекторлор 1-класстын окуучулары үчүн жолдун кесилишинен өтүү эрежелери боюнча сабактарды өтүшөт.