Жаңылыктар
Тарыхта биринчи жолу Израилден БАЭге түз аба каттамы ачылды
Дүйнө
Тарыхта биринчи жолу Израилден БАЭге түз аба каттамы ачылды

Израилден Бириккен Араб Эмираттарынын борборуна биринчи түз аба каттамы болду. Бен Гурион эл аралык аэропортунан Абу-Дабидеги  аэропортуна Израилдин Улуттук  компаниясынын учагы учуп кетти. 

Лайнердин бортунда америкалык жана израилдик коноктор бар. Израилдин делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Мейр Бен-Шаббат жетектеп барды. Америкалык делегациянын курамында АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Брайен жана штаттын президентинин улук кеңешчиси Джаред Кушнер бар.

Август айынын башында  Израиль менен БАЭ эки тараптуу мамилелерди толук нормалдаштыруу боюнча макулдашууга жетишкен.