Жаңылыктар
Нарын облусунда сасык тумоодон бир адам каза болду
Ден соолук
Нарын облусунда сасык тумоодон бир адам каза болду

Нарын облусунда ушул эле айда 254 адам сасык тумоо илдети менен катталды. Алардын бирөөсү каза болду. Бул илдет менен кайрылгандардын басымдуулугун өспүрүмдөр түзөт. Оорукананын балдар бөлүмүндө 40 орун болсо, учурда бейтаптардын саны андан көп болууда. Бирок, медицина кызматкерлери бул маселени алдын алып, жоюунун үстүндө иш алып барууда.

Айта кетсек, Ош облусунда дагы сасык тумоо менен ооруган балдар көп. Ушул айда балдар ооруканасына 2 миңдей бейтап кайрылса, алардын ичинен 908 бала жаткырылган. Ооруканада орун жетишпегендиктен, кошумча жата турган керебеттер коюлууда.