Жаңылыктар
Жалал-Абадда аскер кызматкери асынып алды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда аскер кызматкери асынып алды

Жалал-Абад облусунда кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди. 

Маалыматка ылайык, 30-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы №2027 аскер бөлүгүндө милдеттүү аскердик мөөнөтүн өтөп жаткан аскер кызматкери асынып калган.

“Окуянын кандай болгону боюнча азыркы учурда такталууда жана кызматтык иликтөө иштери башталды. Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү иш-чаралар өткөрүлүп баштады”, - деп кошумчалашты Чек ара кызматынан.