Жаңылыктар
Бүгүн - Билим күнү! Быйыл мектептер 156 миң балага эшиктерин ачты
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн -  Билим күнү! Быйыл мектептер 156 миң балага эшиктерин ачты

Бүгүн 1-сентябрда өлкө Билим күнүн белгилейт. Быйыл мектептер 156 миң балага эшиктерин ачты. Бирок эпидемиологиялык абалга байланыштуу балдар биринчи чейректи аралыктан окушат. 

Биринчи класстын окуучулары гана салттуу окуу режиминде окушат. Башка класстардын окуучулары үчүн телесабактар КТРК “Баластан” жана ЭлТР “Илим Билим” телеканалдарында көрсөтүлөт. 

Ошондой эле, видео сабактар Билим берүү министрлигинин платформасында жеткиликтүү болот. Мекеме окуучулардын 1-сентябрдан 4-сентябрга чейинки сабактарынын жүгүртмөсүн жарыялады.