Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги сессиясы расмий ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги сессиясы расмий ачылды

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги сессиясы расмий ачылды. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, депутаттар эртеңден тарта парламенттин тармактык комитеттеринде иш алып барышат. 

Белгилей кетсек, Конституциянын 77-беренесине жана Жогорку Кеңештин регламентинин 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. 

Бирок быйыл октябрь айында сегизинчи чакырылыштагы парламент шайланып келгендиктен сессиянын отурумдары Жогорку Кеңештин регламентине ылайык уланат.