Жаңылыктар
Бет кап менен башталган билим күнү. Бишкек шаарында билим күнү кандай өттү?
Кыргызстан жаңылыктары
Бет кап менен башталган билим күнү. Бишкек шаарында билим күнү кандай өттү?

Быйыл Бишкек шаары боюнча 20 миңге жакын бала биринчи класска кабыл алынды. Башкы талап - эпидемиологиялык жагдайды оорлотпош үчүн мугалимден тарта жеткинчектерге чейин адистер сунуш кылган санитардык эрежелерди сакталышы зарыл. Анын аткарылышы жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө болот. Бишкек шаарында билим күнү кандай өттү?

Айбийкенин кубанычында чек жок. Кыялы орундалып мектеп босогосун алгач ирет аттады. Көпчүлүктүн арасында бет кап тагынып, аралыкты сактап жүрүүгө алдын ала даярданып келген. Гүлмира Агинова тун кызы 1-сентябрдын келишин чыдамсыздык менен күткөнүн билдирди.