Жаңылыктар
Билим берүү системасындагы санариптештирүү мектептердин ишин алга сүрөйт - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүү системасындагы санариптештирүү мектептердин ишин алга сүрөйт - Кыргызстан жаңылыктары

Өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелеринин бардыгында бүгүн жаңы окуу жылы башталып, кырдаалга байланыштуу быйыл окуу эрежелери өзгөрдү. 1-класстан башка бардык класстар үчүн сабак онлайн ыкмада улантылмакчы. 

Жаңы окуу жылынын башталышы менен жалпы окуучуларды президент Сооронбай Жээнбеков куттуктады. Өлкө башчысы бүгүн борбор калаадагы №87 орто мектепке барып, жагдай менен таанышып, анын мисалында билим берүү системасындагы санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Өлкөнүн бардык мектептери бүгүн мектепке биринчи жолу кадам таштап жаткан бөбөктөр үчүн эшигин ачты. 1-класстын окуучулары үчүн бул билим жолуна болгон жаңы сапар, жашоолорундагы жаңы барак.