Жаңылыктар
Бишкекте коомдук транспорттун жүрүшүнө коюлган чектөө жоюлду - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте коомдук транспорттун жүрүшүнө коюлган чектөө жоюлду - Кыргызстан жаңылыктары

Бишкекте коомдук транспорттун жүрүшүнө коюлган чектөө жоюлду. Жол кыймылы мурдагы калыбына келди. Бирок айдоочуларга карата санитардык талаптар дагы деле сакталууда. Текшерүүлөр уланып, эрежени аткарбагандарга айып пул салынат.

Бишкекте өзгөчө абал учурунда коомдук транспорттун шаар ичиндеги каттамдары алгач толугу менен токтоп, кийин бир катар чектөөлөр менен уруксат берилген. Эми ал чектөөлөр дагы толугу менен жоюлду. Соңку күндөрү саат 11ден экиге чейин тыныгуу болуп, бул учурда тургундардын шаар ичинде жүрүшүнө түйшүк жаралган. 3 сааттын аралыгында транспорт каражаттары тыныгып, дезинфекцияланып турчу. Чектөөлөр алынгандан кийин чак түштө аялдамаларда кымгуут байкалды.