Жаңылыктар
Талас облусунда бардык санитардык талаптарды сактоо менен 113 мектеп эшигин ачты
Аймак
Талас облусунда бардык санитардык талаптарды сактоо менен 113 мектеп эшигин ачты

Талас облусунда бүгүн 113 мектеп эшигин ачып, 1-класска 5 миң 500 окуучуну, даярдоочу класска 3 миң 471 окуучуну кабыл алды. Бардык мектептер буга чейин Билим күнүнө даярдык көрүп, облустук билим берүү башкармалыгы тарабынан тыкыр текшерүүгө алынган.

Талас шаарынын тургуну Күмүш Солтонбекова быйыл 2-небересин 1-класска алып келди. Үйдөгү даярдыктан кийин мектептеги даярдык мектеп босогосунан эле байкалат. Ата-энелер да, мугалимдер да санитардык талаптарды аткарууга аракет кылышты. Эң башкысы 1-класстарга мектепке уруксат берилгени кубантаарлык дейт каарманыбыз.