Жаңылыктар
Май куюучу жана газ толтуруучу жайлар текшерилет
Кыргызстан жаңылыктары
Май куюучу жана газ толтуруучу жайлар текшерилет

Бардык стационардык жана көчмө унаага май куючу станциялардын техникалык коопсуздук нормалары текшерилет. 

Мындай тапшырманы биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселеси боюнча кеңешмеде, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга тапшырды.

«Бүгүнкү күндө май куюучу жана газ толтуруучу жайлар, ошондой эле көчмө унаа менен газ толтуруучу жабдуулар турак-жайларга жана коомдук имараттарга жакын жайгашкан. Бул биздин жарандардын коопсуздугу үчүн коркунуч жаратууда. Мындай өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында аталган жайлардын ишмердүүлүгүн ирээтке келтирүү зарыл», – деп белгиледи Мухамметкалый Абулгазиев. 

Ошондой эле май куюучу жана унаага газ толтуруучу станциялардын ишин тартипке келтирүү жаатындагы бардык ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча, ведомство аралык комиссия түзүү чечими кабыл алынды.