Жаңылыктар
Өмүр сакчысы Катча Раева “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” наамына татыды
Кыргызстан жаңылыктары
Өмүр сакчысы Катча Раева “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” наамына татыды

Коронавирус илдети менен күрөшүүдө, адам өмүрүн сактоодо көрсөткөн кайратман эмгеги менен өз кесибинин мыктысы болгон Катча Раева Президенттин жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” наамына татыды. Өмүрүн медицина тармагына арнаган ардактуу дарыгер, Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө эмгектенет.

Катча Раеванын медицина тармагында эмгектенип келе жатканына 40 жылдан ашты. 34 жылдан бери Ноокен аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн жетектейт. Аталган бөлүмдө бирден-бир жалгыз врач. Жугуштуу оорулар бөлүмүндө 6 медайым жана 6 кенже кызматкер бар. Катча Раева аларга баш-көз болуп, бир команда катары ар дайым бейтаптардын саламаттыгына кам көрүп келишет.