Жаңылыктар
Өзбекстан коопсуздук чараларын күчөттү
Чек ара
Өзбекстан коопсуздук чараларын күчөттү

Өзбекстан төрт мамлекет менен чектешкен чек ара бекеттерин убактылуу жапты. Маалыматтар боюнча, өзбек тарап Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнөн жарандардын, унаа транспортторунун жана жүктүн кирүүсүн токтотту. 

Чек ара 15-июндан 25-июнга чейин жабылат. Маалыматтар боюнча, 23-24-июнь күндөрү Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун юбилейлик саммити өтөт. 

Өзбек массалык маалымат каражаттары билдиргендей, ШКУ лидерлеринин жолугушуусу алдында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 

Өлкөнүн чек ара кызматы билдиргендей, Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак эксклавынын жашоочулары кыргыз-өзбек чек арасынан кадимки тартипте өтө беришет.