Жаңылыктар
"Кыргызстан" партиясы шайлоого катышат. Жогорку соттун чечими
Шайлоо 2023
"Кыргызстан" партиясы шайлоого катышат. Жогорку соттун чечими

Жогорку сот «Кыргызстан» партиясынын шайлоого катышуусу боюнча арызын карап, аталган партия парламенттик шайлоого катыша алат деген чечимди күчүндө калтырды.

Ал эми Жогорку соттун имаратынын алдына "Кыргызстан" шайлоодон четтетилсин деген талап менен 3 партиянын тарапташтары кошо чыкты. Алар «Ата Мекен», «Реформа» жана «Чоң казат» партиялары.

Эске сала кетсек, «Кыргызстан» партиясы шайлоого катышуу үчүн тийиштүү кагаздарды кечигип тапшыргандыктан, БШК бул партияны шайлоодон четтеткен. Бирок соттун чечими бул четтетүүнү жокко чыгарды.