Жаңылыктар
Президент партияларды тартипке чакырып, элди көчөгө алып чыккан эски адатты таштоого үндөдү
Шайлоо 2023
Президент партияларды тартипке чакырып, элди көчөгө алып чыккан эски адатты таштоого үндөдү

Мамлекет башчысы коомдун тынчтыгын бузууга, жарандардын тандоосуна каршы аракеттер болуусуна жол берилбеш керектигин өзгөчө белгиледи.

«Шайлоону элдин жашоосуна бүлүк салбай, мамлекеттеги тынчтыкка кедерги тийгизбей өткөрүүгө милдеттүбүз. Саясий күчтөрдүн элди бөлүүгө, коомдогу тынчтыкты, жарандардын укугун бузууга жол берилбестигин дагы бир жолу эскертем», — деп баса белгиледи Президент.

Ал кандай гана күрөш, таймашуу болбосун, жеңилген тарап болорун, шайлоого аттанган саясатчылар амбицияны ары таштап, утулуп калса элди толкутуп, туура эмес жолдорго түртпөстөн, өз аброюн жоготпой, татыктуу жеңилгенди да билиши керектигин кошумчалады.

«Жеңилүү ызасына алдырып, тарапташтарды көтөрүп, көчөгө алып чыккан эски көрүнүштөрдү таштайлы. Жарандарды ыплас саясий оюндарга тартпайлы. Анткени, дал ушундай тескери аракеттер кандай гана өлкө болбосун, артка тартат. Биздин өлкөнү да аксатат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал саясий партиялар элдин келечегин, балдардын келечегин ойлоп, туура жыйынтык чыгарганды үйрөнүшү керектигин дагы бир ирет белгиледи.

«Мекендештериме дагы бир жолу, „өлкөдөн өткөн дөөлөт жок“ экендигин эске салып, баарыңыздарды жоопкерчиликке чакырам», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.