Жаңылыктар
Батирлерин бошотпогон депутаттар
Экономика
Батирлерин бошотпогон депутаттар

Өткөн чакырылыштын үч депутаты кызматтык батирлерин бошотпой жатат. Маалыматтарга караганда, алар Социал-демократтар фракциясынан Акылбек Султанов, Ар-Намыс фракциясынан Эсенгул Исаков жана Республика фракциясынан Абдулатип Режевалиев. 

Учурда төртүнчү чакырылыштын 3 депутататынан тышкары депутаттык батирде азыркы чакырылыштын 13 депутаты жашайт. Алардын 8 - социал-демократтар, 4 - Өнүгүү-Прогресс фракциясынан жана дагы бирөөсү Кыргызстан фракциясынан. 

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кызматтык батирдерди бошотпой жаткан депутаттар менен парламент соттошууга аргасыз болуп жатканын билдирген болчу.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118