Жаңылыктар
Баткен облусунда токсон орундуу оорукана оңдолду - Кыргызстан жаңылыктары
Аймак
Баткен облусунда токсон орундуу оорукана оңдолду - Кыргызстан жаңылыктары

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу аз убакытта оңдоп-түзөө иштери башталган 90 орундуу оорукананын жумуштары дээрлик аяктап, имарат тазаланып , айлана-чөйрөсү иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары онлайн брифингде билдирди. 

Имараттын чатыры, эшик терезелери, канализация, жылытуу системалары толугу менен алмашылып, бардык шарттар түзүлдү. Жакында эмеректер менен камсыздалат. Оорукананы оңдоого мамлекеттен 12 млн сомдон ашуун каражат бөлүнүп, жумуштар аягына чыкканга чейин жалпы чыгым 17 млн 900 миң сомду түзгөн. Аймактагы эпидемиологиялык абал боюнча, бүгүн 16 жаңы учур катталды. Жалпы ооругандардын саны 2 миң 336га жеткен. Учурда ооруканада 56 киши жатат.

“Ал ооруканада жалпысынан 90 орун. 90 орундун 15и реанимация болуп жатат. Кече күнү өзүм барып келдим. Буюрса 2 күндө толугу менен имаратты оңдоп-түзөө иштери бүтөт”,- деди Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максүтов.