Жаңылыктар
Айдоочу, абайла! Жол коопсуздук кызматы айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
Айдоочу, абайла! Жол коопсуздук кызматы айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырды

Жаңы окуу жылынын башталгандыгынан улам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы айдоочуларга кайрылды. 

Анда айдоочулар окуучулардын өмүрүнө коркунуч жаратпай, жол эрежесин так сактаса деп айтылат. Балдарга жардам берип, жолдо жүрүү эрежесин үйрөтүүнү өтүнгөн. 

“Урматтуу айдоочулар, сиздер жолго чыкканда чоң жоопкерчилик бар. Өтүнүч, унаа башкарган учурда өтө этият болуңуздар. Жаңы окуу жылы башталды. Окуучулардын арасында жол эрежесин жакшы билбегендер да бар. 1-класстагы балдар жолдо өзүн кандай алып жүрүүнү үйрөнүшө элек. Андыктан балдарга сылык болуп, ошол эле мезгилде жол кыймылынын эрежесин так сактаңыз. Балдарыбыз ар дайым мектепке барып, үйлөрүнө аман-эсен жетишсин. Бардыгыбыз балдардын өмүрүнө жоопкерчилик менен мамиле жасашыбыз керек” - деп айтылат кайрылууда. 

Эгерде балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралса жакын турган милиция кызматкерине кайрылып, же 102 номерине чалууну өтүнөт.