Жаңылыктар
Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын дээрлик тең жарымы Чүй облусунда өндүрүлөт
Экономика
Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын дээрлик тең жарымы Чүй облусунда өндүрүлөт

Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын дээрлик тең жарымы, тагыраагы, 45 пайызы Чүй облусунда өндүрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Экинчи орунда 62 миллиард 280 млн сом менен Ысык-Көл облусу, үчүнчүдө Бишкек шаары жайгашкан. Кийинки орундарда Жалал-Абад, Ош облустары, Ош шаары, андан кийин Баткен жана Нарын облустары турат. Акыркы сапта жылына 1,5 миллиард сом тапкан Талас облусу орун алды. Ошондой эле картошка өстүрүүдө Ысык-Көл алдыда болгон. 

Пайдалуу кен байлыктар жагынан, алтынды кошпогондо Жалал-Абад облусу эч кимди алдына салбайт. Мисалы, былтыр нефтинин 94 пайызы, жаратылыш газынын 100 пайызы, металл рудаларынын 94 пайызы дал ушул облуста казылган. Ал эми көмүр Ош, Баткен, Нарын жана Жалал-Абад облустарында өндүрүлөт.