Жаңылыктар
Айыл чарбасын каржылоо долбоору боюнча үч категорияда дыйкан-фермерлерге насыя берилди
Айыл чарба
Айыл чарбасын каржылоо долбоору боюнча үч категорияда дыйкан-фермерлерге насыя берилди

Сегиз айда "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоору боюнча үч категорияда 4 млрд 757 млн 600 миң сом суммасына 9 миң 342 насыя берилди. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады. 

Анда айтылгандай, фермердик чарба менен алектенген ачык акционердик коомдоруна жалпы 3 млрд 540 млн сомго 9 миң 128 насыя берилген. Анын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагына -415,2 млн сомго 1247 насыя, мал чарбачылыгына 3124,3 млн сомго 7881 насыя. 

Кайра иштетүү ишканаларына жалпы 962,5 млн сомго 115 насыя, тамак-аш кайра иштетүү ишканаларына жалпы 559,5 млн сомго 103 насыя, данды жана азык-түлүк буудайына кайра иштетүүчү ишканаларына жалпы 403 млн сомго 12 насыя берилди.