Жаңылыктар
Жарым кылымдан бери Жазы-Кечүү айыл эли күткөн электр жарыгы берилди - Кыргызстан жаңылыктары
Аймак
Жарым кылымдан бери Жазы-Кечүү айыл эли күткөн электр жарыгы берилди - Кыргызстан жаңылыктары

Ушул күнгө чейин электр энергиясы жетпей келген Жазы-Кечүү айылына биринчи жолу электр жарыгы берилди. Айыл элинин көптөн күткөн тилеги орундалып, тарыхый долбоор ишке ашты деп кубанышууда. 1960-жылдан бери эл жашаган айылга электр линиясын тартуу иштери быйыл июнь айында башталган. Кыска убакыт ичинде “Жалал-Абадэлектро” ишканасынын күчү менен бүткөрүлүп, жарык берилди.

1-сентябрь күнү Жазы-Кечүү айылынын жашоочулары үчүн чоң майрам болду. Айылга алгачкы жолу электр жарыгы берилди. Бул күндү айылдыктар жарым кылымдан ашуун убакыт күтүштү. Жазы-кечүүлүктөрдү электр тармагына кошкон салтанаттуу иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров катышты.