Жаңылыктар
Бир катар Европа мамлекеттеринде 1-сентябрдан тарта балдар мектепке барды
Дүйнө
Бир катар Европа мамлекеттеринде 1-сентябрдан тарта балдар мектепке барды

Коронавирустун жаңы очоктору катталып жатканына карабай бир катар Европа мамлекеттеринде 1-сентябрдан тарта балдар мектепке барды. Бирок пандемия шартында сабактар адаттагыдай өткөрүлбөйт, бир катар жаңы эрежелер киргизилди.

Европа өлкөлөрүндө коронавирус инфекциясы кайрадан күч алып баштаганына карабай Англия, Франция жана Белгия баштаган бир катар мамлекеттерде билим берүү мекемелери ачылып, миллиондогон окуучулар мектепке кайтты. Мугалимдер окуучуларын бет капчан тосуп алды.

Белгияда жана Францияда мектеп окуучулары имараттын ичинде да, сыртта да беткап кийип жүрүүгө милдеттендирилди. Ошондой эле ар бир класска колду дезинфекциялоочу каражат орнотулган. Франциянын билим берүү министри Жан-Мишел Бланкер эгер кайсы бир мектепте инфекция жуктурган учур катталса дүрбөлөңгө түшпөй, зарыл болгон чаралар көрүлөөрүн эскертти.

Ал эми Орусияда болжол менен 17 миллион окуучу мектепке кайтты. Мугалимдер жана башка кызматкерлер бет кап кийип жүрүүгө милдеттендирилди. Бирок окуучуларга карата бул эреже алсыз. Билим берүү министрлиги тумоону ооздуктоо максатында окуучулардын дене табын текшерип туруу сыяктуу керектүү болгон сактык чаралары көрүлгөндүгүн билдирди. Коронавирус пандемиясы маалында, март айынан тартып Орусияда мектептер карантинге жабылган жана окуучулар аралыктан окууга өтүшкөн, кийин үч айлык каникулга тарап кетишкен.

Англияда алты ай мурда жабылган мектептер кайра ачылды. Ошондой эле болжол менен бир миллиондой студент жакында университеттен билим алат. Эпидемиологиялык кырдаал начар аймактарда окуучулар бет кап тагынып жүрүүгө милдеттендирилди. Бирок, ата-энелер балдарын мектепке жөнөтүүдөн кооптонууда. Балдарын мектепке алып баруудан баш тарткандарга айып пул салынаары белгилүү болду.