Жаңылыктар
Жалал-Абадда унаа дарыяга кулап, 2 кыз жана 9 жашар бала каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда унаа дарыяга кулап, 2 кыз жана 9 жашар бала каза болду

Жалал-Абадда унаа Нарын дарыясына кулап, 2 кыз жана 9 жашар бала каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 1-сентябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 449-чакырымында “Toyota-Wish” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, Нарын дарыясына болжол менен 50-60 метр бийиктиктен кулап кеткен. 

Кырсыктын кесепетинен 2 кыз жана 9 жашар бала каза болуп, беш эркек адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Учурда баарынын өздүгү такталууда. Жерине 5 куткаруучу, тез жардам кызматы, ИИМден 5 кызматкер тартылган. Куткаруучулар каза болгон жана жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.