Жаңылыктар
Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланууда

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча жараян уланып жатат. 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. 

Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган. Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.