Жаңылыктар
Кийизден китеп тиккен кол өнөрчү. «Oinobook» китеби мектепке чейинки балдарга ылайыкталган
Кыргызстан жаңылыктары
Кийизден китеп тиккен кол өнөрчү. «Oinobook» китеби мектепке чейинки балдарга ылайыкталган

Кесиби боюнча түрколог Айзада Тыныбекова жакындан бери кийизден китептерди тигип, сатыкка чыгара баштады. Экологиялык таза китепте кыргыздын улуттук баалуулуктары кеңири чагылдырылган. Кийизден китеп жасоонун максаты боз үй, улуттук кийимдер, тамак-аш жана көчмөн элге мүнөз болгон башка буюм-тайымдар жана салт-санааларды бөбөктөргө үйрөтүү.

«Oinobook» китеби мектепке чейинки балдар үчүн ылайыкталган. Китеп кийизден жасалып, кыргыз элинин улуттук баалуулуктары гана эмес баланын ой жүгүртүүсүн, эс-тутумун чыңдоого арналган атайын тапшырмалар камтылган. Ошондой эле, манжа көнүгүүлөрдү жасоону өнүктүрүүгө болот. Бул өзгөчө китепти жаратуучу Айзаданын айтымында, китепти даярдоого 3-4 күндүк убакыт кетет.

Экинчи «Oinobook" китеби карантин убагында жасалды. Азыр баасы 600 сомдоон сатылууда. Мында геометриялык фигуралардын жана түстөрдүн кыргыз, орус, англис тилдериндеги аталыштарын үйрөнүүгө болот. Ар бир фигура дыкаттык менен жасалып, балдарга ылайыкташтырылган. Китеп кийизден болгондуктан кадимкидей эле жууп колдонсо дагы болот.
“Бир эле тематика. Геометрикалык фигуралар. Бирок мындан дагы бир ок менен бир нече коёнду атууга аркет кылдык. Анткени кайра баланын мээсинин өнүгүшүүнө түрткү болуу. 3 тилде бергенге аркет кылдык. Фигура, түс, сенсордук материал жана тил”,- дейт китептин автору Айзада Тыныбекова. 

Айзада Тыныбекова үч баланын энеси. Кийизден китеп тигүү идеясы балдары үчүн сүрөттөрү бар, боз үй жөнүндө китеп издөөдөн улам пайда болгон. Кыргыздын баалуулуктарын даңазалаган китептин чыкканына аз гана убакыт болсо дагы суроо-талап пайда болду. Кардарлардын көбү чет өлкөдө жашаган мекендештер. Эми Айзада муну менен токтоп калбастан, кийизден Бишкектин картасы түшүрүлгөн килемче даярдаганы турат.

Балдарга кызыктуу, пайдалуу китептерди гана жаратып чектелбестен, каарманыбыз шишик дартына кабылган айымдарды жумуш орду менен камсыздады. Буйрутмалар түшүп жаткандыктан жардамчы керек болгон. Рак оорусуна чалдыккандар эки күндө эки-үч китеп тигишет. Бул үчүн алар айлык акысынан сырткары тигилген ар бир китептен түшкөн каражаттан да өзүнчө акча алышат.