Жаңылыктар
Дыйкандарга 4 млрд сомдон ашык каражат насыя катары берилди
Айыл чарба
Дыйкандарга 4 млрд сомдон ашык каражат насыя катары берилди

2020-жылдын 20-августуна карата «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоору боюнча 4 млрд 757 млн 600 миң сом суммасына 9 миң 342 жаранга насыя берилген.  

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Айыл чарбасын каржылоо - Фермер категориясы боюнча 9 миң 128 насыя -  өсүмдүк өстүрүүчүлүккө жана мал чарбачылыкка берилген. 

Ошондой эле кайра иштетүү, тамак-аш кайра иштетүү, дан жана азык-түлүк буудайын кайра иштетүү ишканаларына берилди.