Жаңылыктар
Жактоочу: Бүгүн Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан 1-СИЗОго которот
Кыргызстан жаңылыктары
Жактоочу: Бүгүн Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан 1-СИЗОго которот

Мурдагы президента Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан №1-СИЗОго которот. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев фейсбук баракчачына жазып чыкты.

Жактоочунун пикиринде, мамкомитет Атамбаевдин өмүрү жана ден соолугу үчүн өздөрүн жоопкерчиликтен бошотуу максатында которгону жатат. 

«УКМК мен жактаган адамдын абалы начар экендигин билет. Которуу тууралуу кечээ, мен мурунку мамлекет башчысы менен жолукканымда белгилүү болду. Бүгүн аны №1-СИЗОго которушмак, мүмкүн андан кийин №47-түзөтүү колониясынын ооруканасына которушат. Башка иштер боюнча тергөө жана соттук отурумдар дагы деле бүтө элек. Алмазбек Атамбаевди акыркы иш боюнча өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин башка мекемеге которбошу керек болчу», — дейт Замир Жоошев.

Эске салсак, 2019-жылдын 7-8-августтундагы Кой-Таш окуясы боюнча ИИМ Кылмыш кодексинин бир катар беренелери боюнча иш козгогон. Кой-Таш окуясы боюнча айыпталган депутаттар Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, КСДП партиясынын мүчөсү, экс-парламентчи Равшан Жээнбеков, жана экс-президент Алмазбек Атамбаев.