Жаңылыктар
Шайлоо - 2020. «Кыргызстан» партиясы дагы эле БШКга документтерин тапшыра элек
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2020. «Кыргызстан» партиясы дагы эле БШКга документтерин тапшыра элек

«Кыргызстан» партиясы дагы эле БШКга документтерин тапшыра элек. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Руслан Изреков маалымдоо каражаттарына билдирди.

Анын пикиринде, партиянын материалдарын кабыл алуу же кабыл албоо боюнча бул маселе — бүгүн жумушчу топтун жабык отурумунда каралат, андан кийин суроо БШК мүчөлөрүнүн жыйынында көтөрүлмөкчү. 

Буга чейин Жогорку сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырып, БШКнын кассациялык даттануусун канааттандырган эмес. Шайлоо комиссиясынын юристтери түшүндүрмө беришкендей, сот БШКны партиянын документтерин кабыл алып, аны кайрадан шайлоо кампаниясынын катышуучусу катары кароону милдеттендирген жок. Партия тарапташтары документ тапшыруу убактысынан кечикти деп, БШК "Кыргызстан" партиясынын документтерин кабыл алуудан баш тартышы мүмкүн деп эсептешет. 

Эске салсак, «Кыргызстан» партиясы документ тапшырууда белгиленген убакыттан кечигип калган. Ал эми партия лидери Канат Исаевдин пикиринде, алар документ тапшырууга жетишишкен, "кичинекей кагаздын" кесепетинен улам тоскоолдуктар болгон. Аталган партия Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен жарыштан четтетилген, бирок Канат Исаев шайлоо комиссиясынын чечимине каршы чыгуу үчүн сотко кайрылган. Сот "Кыргызстан" партиясынын пайдасына чечим чыгарган.