Жаңылыктар
Бакай-Ата районунда 18 миң 390 гектар жер аянтка төө буурчак эгилген - Талас областы
Айыл чарба
Бакай-Ата районунда 18 миң 390 гектар жер аянтка төө буурчак эгилген - Талас областы

Талас облусунун Бакай-Ата районунда төө буурчакты оруп-жыйноо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, райондо 18 миң 390 гектар жер аянтка төө буурчак эгилген. Ал жалпы айдоо жер аянтынын 75 пайызын түзөт. Өндүрүлгөн төө буурчак  экспортко жөнөтүлөт.