Жаңылыктар
Жазы-Кечүү айылына биринчи жолу электр жарыгы берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жазы-Кечүү айылына биринчи жолу электр жарыгы берилди

Ушул күнгө чейин электр энергиясы тартылбаган Жазы-Кечүү айылына биринчи жолу электр жарыгы берилди. Айыл элинин көптөн күткөн тилеги орундалып, тарыхый долбоор ишке ашты дешет. 

1960-жылдан бери калк жашаган айылга электр линиясын тартуу иштери быйыл июнда башталган. Кыска убакыт ичинде “Жалал-Абадэлектро” ишканасынын күчү менен бүткөрүлүп, жарык берилди.

1-сентябрь күнү Жазы-Кечүү айылынын жашоочулары үчүн чоң майрам болду. Айылга алгачкы жолу электр жарыгы берилди. Бул күндү айылдыктар жарым кылымдан ашуун убакыт күтүштү. Жазы-кечүүлүктөрдү электр тармагына кошкон салтанаттуу иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров катышты.

Жергиликтүү жашоочулар мындан ары тиричиликтеги кол жумуштарынан арылып, түйшүгү жеңилдейт деп сүйүнүп турушат. Кир жуугуч машина, муздаткыч жана чай кайнатуучу мештерди кеңири колдонууга шарт жаралды. Айыл тургундары ушул күнгө чейин кышы-жайы от жагып оокат кылып, үй тиричилигин жеңилдетчү электр жарыгын колдонууну кыялданып гана келишкен. Эми минтип, көптөн күткөн үмүт орундалып отурат.