Жаңылыктар
"Шайлоолордун таза өтүшү - өлкөбүздүн мындан ары өнүгүүсүнүн негизги өбөлгөсү"- Жээнбеков
Саясат
"Шайлоолордун таза өтүшү - өлкөбүздүн мындан ары өнүгүүсүнүн негизги өбөлгөсү"- Жээнбеков

“Шайлоолордун таза өтүшү - өлкөбүздүн мындан ары өнүгүүсүнүн негизги өбөлгөсү. Буга баарыбыз жоопкербиз. Шайлоонун ачык өтүүсү камсыздалат жана кепилдик берилет”. Бул тууралуу өлкө башчысы кечээ Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. 

Президент саясий партияларды, алардын жактоочуларын шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузуу аракеттеринен алыс болууга чакырды. Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгы менен бир катар чечимдер кабыл алынды. Ага ылайык мамлекеттик кызмат адамдарына шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө жана кайсы бир талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга тыюу салынды. Аны менен бирге шайлоодо санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышына көңүл буруу тапшырмасы коюлду.

Президент шайлоо маселесине кечээ гана кайрылган жок. Парламенттик шайлоону өткөрүү ага даярдык өлкө башчынын көзөмөлүндө болуп келди. Өзгөчө мыйзамдык укуктук базаны чыңдоо. Шайлоо эрежелеринин алдын ала белгилүү жана туруктуу болуусуна жетишүү максатында эрежелер шайлоого бир жыл калганда бекемделсин, андан кийин өзгөртүүлөр киргизилбесин деген принцип кармалды. Президент Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө бул маселеге токтолгон. 

Кыргызстанда иштеп жаткан азыркы шайлоо системасын мындан он беш жыл мурункуга салыштырып болбойт. 2010-жылдан бери биздин шайлоо процесси түп тамырынан бери өзгөрдү. Добуш берүү шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарынын негизинде жүргүзүлүүдө. Добуштарды автоматтык түрдө санай турган үкөктөр орнотулду. Ал эми алдыдагы парламенттик шайлоо дагы жаңычылдыктар менен өтөт. Өлкөнү санариптештирүү шайлоо тутумуна да санарип тейлөөнү киргизүүдө. 

Президент Коопсуздук Кеңешинин жыйынында да добуш сатып алуу маселесине кайрылды. Мамлекет башчы шайлоо мыйзамдарын бузууга, шайлоочулардын добушун сатып алуу фактыларына карата тийиштүү чаралар көрүлөөрүн эскертти. Аны менен бирге үгүт кампаниясын өз ара сыйлоо атмосферасында өткөрүп, шайлоочулардын добуштары үчүн күрөштү - компроматтарды таратуу, «булганыч» технологияларды колдонууга эмес, программалардын атаандаштыгына негиздеп өткөрүүгө чакырды. 

Президент жыйында шайлоочуларга кайрылып, парламенттин тагдыры, шайлоочунун эркинен, алардын кыраакы тандоосунан көз каранды экендигин белгиледи. Жарандарды добуш сатпоого чакырды. Серепчилердин пикиринде добуш сатуу сындуу көйгөйлөр жарандардын парламенттин ролу тууралуу маалыматынын жоктугунан ошол учурда мыйзам чыгаруу бийлигинин сапатынан улам болууда.

Президент кандай гана күрөш, таймаш болбосун, жеңилген тарап болорун, шайлоого аттанган саясатчылар амбицияны ары таштап, утулуп калса элди толкутуп, туура эмес жолдорго түртпөстөн, өз аброюн жоготпой, татыктуу жеңилгенди да билиши керектигин кошумчалады. Кечээки отурумдун жыйынтыгы менен чечим да кабыл алынды. Ага ылайык өнөктүктү өткөрүүдө калк саламаттыгын камсыздоого өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы коюлду. Мамлекеттик кызмат адамдарына шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө жана кайсы бир талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга тыюу салынды. Адилет жана таза шайлоону камсыздоо милдети коюлду.