Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү кырдаалга жараша окууну салттуу режимге өткөрүү үчүн бир нече вариантты иштеп чыкты. Бул тууралуу "Ала-Тоо-24" каналынын түз эфиринде билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, эпидемиологиялык абал турукташканда биринчилерден болуп 2, 5, 9, жана 11-класстардын окуучулары мектепке келип окуп баштайт.