Жаңылыктар
Өмүрүн медицина тармагына арнаган ардактуу дарыгер
Кыргызстан жаңылыктары
Өмүрүн медицина тармагына арнаган ардактуу дарыгер

Коронавируска каршы күрөшүүдө, адам өмүрүн сактоодо көрсөткөн кайратман эмгеги менен өз кесибинин мыктысы болгон Катча Раева Президенттин жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” наамын алды. Өмүрүн медицина тармагына арнаган ардактуу дарыгер, Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө эмгектенет.

Катча Раеванын медицина тармагында эмгектенип келе жатканына 40 жылдан ашты. 34 жылдан бери Ноокен аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн жетектейт. Аталган бөлүмдө бирден-бир жалгыз врач. Жугуштуу оорулар бөлүмүндө 6 медайым жана 6 кенже кызматкер бар. Катча Раева аларга баш-көз болуп, бир команда катары ар дайым бейтаптардын саламаттыгына кам көрүп келишет. 

Бүгүнкү күнгө чейин Ноокен аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнөн коронавирустан 51 бейтап айыгып чыкты. Илдетти жуктуруп алгандарды дарылоодо Катча Раеванын салымы зор. Бейтап өмүрүн өз өмүрүнөн бийик коюп, 14 күн бою кызыл зонада иштеди. Ушул тапта ооруканада ковид жуктуруп алган 2 бейтап дарыланууда.

Үзүрлүү эмгеги, кесипкөй мыкты адистиги эске алынып, Катча Раева президенттин жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” деген наамга татыды. Бул сыйлыкка ээ болуу сыймык экенин айткан дарыгер, чоң жоопкерчилик жүктөлдү дейт. 

Даражалуу наамга татыган Катча Раеванын кесиптештери арасында орду бийик. Билген билимин жаштарга үйрөтүп, ар дайым илимин өркүндөтүүдөн талыкпайт. Көп жыл бою бирге иштеп, аны жакшы билген кесиптештери “эмгек сиңирген дарыгер” наамы берилгени татыктуу тандоо деп эсептешет.

Ардактуу дарыгер буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин отличнигин, ардак грамотасын алган. Андан сырткары райондук, облустук администрациялардын сыйлыктары менен сыйланган. Бүт өмүрүн эл саламаттыгына арнаган Катча Раеванын жолдошу да дарыгер. Райондогу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун биринде врач болуп эмгектет. Жубайлар 3 уул 1 кызды тарбиялап өстүргөн.