Жаңылыктар
Кең-Булуң айылынын айыл-чарба азыктары башка өлкөлөргө экспорттолууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кең-Булуң айылынын айыл-чарба азыктары башка өлкөлөргө экспорттолууда

Чүйдүн Кең-Булуң айылынан айыл-чарба азыктарынын түрлөрү жылдагыдай эле Россия, Казакстан жана башка өлкөлөргө экспорттолуп жатат. Айылдагы 500 гектар аянттан жылына 12 миң тоннадан ашык түшүм жыйналып, анын 80 пайызы миллиондогон эли бар коңшу өлкөлөргө сатыкка чыгат.

Айылдын четиндеги бул кампаларды ар дайым жергиликтүү фермерлер пияз сактоо максатында ижарага алып иштетет. Кең-Булуң айылынын тургуну Айсажан Жүндүбаев дагы акыркы жылдары помидор өстүрүп, экспорт кылуу менен алектенип келет. 

Айыл аймагынын өкүлдөрү билдиргендей, айрым дыйкандар жер-жемиш өстүрүүдө жаңы технологияларды колдонууга өтүшкөн.

Жергиликтүү демилгелүү жаштар өзүлөрүнүн жүк ташуучу унаалары менен айылдаштарынан пияз, капуста, жана башка түшүм түрлөрүн сатып алып башка өлкөлөргө сатууда.

Бул айылда жалпы өндүрүлгөн айыл чарба азыктарынын 20 пайызга жакын түшүмү өлкө ичиндеги ички базарга чыгат. Көпчүлүк дыйкандар азыр маңдай тер төгүп жыйнаган түшүмүн жакшы баада сатып өткөрчү ыңгайлуу учурду күтүүдө.