Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна иш сапары менен барат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна иш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы бүгүн, 3-сентябрда Чүй облусуна иш сапары менен барат.

Иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Москва жана Жайыл райондорундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, сот органдарын жана медицина мекемелерин санариптештирүүнүн жүрүшүнөн кабар алат.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, кайра иштетүү ишканаларынын ишмердиги жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.