Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чектөөлөр алынды - Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чектөөлөр алынды - Кыргызстан жаңылыктары

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өткөрүү жайларында жарандардын, транспорт каражаттарынын кирип-чыгуусуна коюлган чектөөлөр алынды. Бул Өзбекстандын эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн катарына киргенине байланыштуу. Жарандарды кабыл алуу “Достук”, “Кызыл-Кыя” “Кадамжай”, “Маданият” жана “Баймак-автожол” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде жүргүзүлсө, транспорт каражаттарын өткөрүүдө “Кадамжай-автожол”, “Достук-автожол” жана “Кызыл-Кыя-автожол” көзөмөл өткөрүү жайлары иштейт. 

Мамлектеттик чек араларга айрым чектөөлөр COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу 14-мартта киргизилген. 2-сентябардан тартып, толук кандуу иштей баштаган чек ара бекеттеринен өтчүлөргө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так аткаруу зарыл. Талаптар үчүнчү мамлекеттин жарандарына да таандык.

"3-өлкөнүн жараны Кыргызстанда 14 күндөн ашык жүрсө, эч кандай маалымат катсыз эле Өзбекстандын чек арачсылары тарабынан кабыл алына берет, а эгерде чет өлкөлүк жарандар келгенине 14 күн болбой чек ара бекеттеринен башка мамлекетке өтө турган болсо, алардан сөзсүз түрдө маалым кат талап кылынат, мунун баары коопсуздук үчүн",- деди "Достук-автожол” эл аралык көзөмөл өткөрүү жайынын башчысы Супатай Исманалиев.  
"Анжиянда бир туугандарым жашайт. Оору чыккандан бери телефон аркылуу эле көрүшүп, суйлөшүп калдык, эми бар жанына барып кабар алып келейин",- деди Ош облусунун тургуну Бабур Абдыразаков.

"Өзбекстанга келинмин, карантин башталгандан бери төркүнүмү көрө элекмин, сагынып мына ачылаары менен келе жатам, ата-энеме неберелерин да алып бара жатам",- деди Өзбекстандын Анжиян облусунун тургуну Малахат Сайдулла уулу.