Азыркы тапта калкты каттоо иштери жүргүзүлгөн жок. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда белгисиз адамдар келип, калкты каттоо жүрүп жатканын айтып жарандардын өздүгү тууралуу маалымат чогултканы айтылган.
Мындан улам Улуттук статистика комитети жарандарга кайрылып, өкмөт тарабынан калкты каттоо 23-марттан 1-апрелге чейинки аралыкта пландалганын бирок, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу токтотулганын кабарлады. Эгерде ушундай фактылар болсо жакынкы жердеги аймактык статистика бөлүмдөрүнө кайрылса болот.