Жаңылыктар
Нарын облусу: добуш сатып алуу боюнча ишти сотко чейинки териштирүү башталды
Шайлоо 2023
Нарын облусу: добуш сатып алуу боюнча ишти сотко чейинки териштирүү башталды

Партиялардын бири шайлоочулардын добушун сатып алуу аракеттерин көргөнү үчүн сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Добуштарды сатып алуу болуп жатканы боюнча тасма социалдык тармактарга тараган. Тасма 30-августта фейсбук аркылуу тараган. Анда келе жаткан шайлоо тууралуу айтылып 300 добуш камсыздап берүү жөнүндө сөз болот. Азыркы тапта тасмага катыштыгы бар бардык адамдар аныкталып териштирүү иштери жүрүүдө. 

Ички иштер министрлигининен маалымдагандай тасмада добуш сатып алууга аракет жасалган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Нарын облусунун 34 жаштагы тургуну окуяга катышы бар экени айтылды. Бул факт боюнча шайлоочулардын добушун сатып алуу беренесине ылайык тергөө иштери башталды.