Жаңылыктар
Атамбаев УКМКнын тергөө абагында калтырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Атамбаев УКМКнын тергөө абагында калтырылды

Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында калтырылды. Мындай чечимди 2-сентябрда Биринчи май райондук соту кабыл алды. 

Быйыл июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарып, Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган, мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. 

Атамбаев 2019-жылдын 7-8-августунда Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча да айыпталып кармалган, учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.