Жаңылыктар
ӨКМ: 8 ай ичинде өрттүн саны 46,2 пайызга азайды
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: 8 ай ичинде өрттүн саны 46,2 пайызга азайды

8 ай ичинде өрттүн саны 46,2  пайызга азайып, тилсиз жоодон 24 адам куткарылган.

Бул тууралуу КР ӨКМнин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгы маалымдады. 2020-жылдын 8 ай ичинде республика боюнча 1477  өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 46,2% азайган. Өрттүн кесепетинен 14 адам каза таап жана 19 адам жабыркаган. Тилсиз жоодон 24 адам куткарылып, 2 млрд. 441 млн. 300 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 913 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 61,8% түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери төмөнкүлөр:

  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 41,4%;
  • мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 9,5%;
  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 20,4%;
  • балдардын от менен ойноосуунан – 6,1%, өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

  • Бишкек шаарында – 244 өрт;
  • Чүй облусунда - 396;
  • Ош облусунда - 202;
  • Жалал-Абад облусунда - 202;
  • Ысык-Көл облусунда - 151;
  • Нарын облусунда - 55;
  • Талас облусунда - 73;
  • Ош шаарында - 50;
  • Баткен облусунда 104 өрт катталган.

    Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
  • тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла;

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.