Жаңылыктар
Быйыл өлкөдө сугат аянттарын кеңейтүү демилгеленүүдө
Айыл чарба
Быйыл өлкөдө сугат аянттарын кеңейтүү демилгеленүүдө

Быйыл өлкөдөгү ирригацияны өнүктүрүүгө мамлекеттик бюжеттен 2млрд 681 млн сом каралган. Ал 1700 гектар жаңы сугат жерин өздөштүрүүгө, 17 миң гектардан ашык сугат жерлерди суу менен камсыздоого, 5 миң гектар аянттын мелиоративдик абалын жакшыртууга сарпталат. Бул тууралуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев брифингде билдирди. 

Азыркы тапта өлкө боюнча 33 суу сактагыч бар. Жалпысынан мамлекеттик суу чарба объекттеринде 1 миң 11 гидротехникалык курулма, 951 гидрометриялык пост жана 97 насостук станция оңдолгон. Айдоо аянттарын сугат суу менен камсыз кылууга 440 чакырымга созулган чоң каналдар капиталдык жана утурумдук оңдоодон өткөрүлдү. 

Бөлүнгөн каражаттан, 15 объектте долбоорлоо-изилдөө жүрүп, 14 суу чарба объектиси курулууда. 8 суу чарба объекттин курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин, 5 объектте Кытайдын гранттык каражаттарынын жана 1 объектте Ислам өнүктүрүү банкынын эсебинен жүргүзүлөт.