Алабино полигонунда "Танк биатлону" мелдешинин жарым финалдык жарыштары болду. Жыйынтыгында биздин топ марага төртүнчү болуп келип финалга чыкпай калды. Мелдеш жолунда кызуу кармаш орун алды.
Белги берилген соң, танкисттер аскердик унаадан орун алышты. Канча бир секунддан кийин, жарым финалдык жарыштар башталды. Т-72 танктарынын артынан удургуган кара түтүн калды. Жарым финалга 16 топтун он экөөсү гана өттү. Бул жарышта биздин танкисттер Россиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын курамалары менен күч сынашты.
Мелдеш кызыган кезде, биздин курама топтун аскердик унаасы бузулуп, башка танкка алмаштырууга туура келди. Кыргыз танкисттеринин таамай атуудагы көрсөткүчү жаман болгон жок, бирок убакыттан уттуруп койду. Бул мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи орунда Россия, экинчи казак танкисттери болсо, үчүнчү орунда өзбекстандык курама топ. Биздин танкисттер төртүнчү болуп финишке келди. Бул көрсөткүч менен кыргыз танкисттери финалга чыга албайт.
Бирок, “Эстафетага” катышкандыгы жеңиш болду десек болот. Анткени былтыркы мелдештерде биздин курама топ жарым финалга дагы жетпей калган. Буюрса, кийинки жылда боло турган жарышта кыргыз танкисттер мыктылыгын көрсөтүп, финалга чыгат деген жакшы тилек бар.